Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Каракол – Көл-Төр – Алтын-Арашан туристтик багыты боюнча жолго чыккан литвалык сегиз турист табылып, Каракол шаарына саат үчтө жеткирилди.
29-июлга караган түнү Кеңсаң капчыгайында Чоң-Өзөн-Батыш мөңгү тилкесинде таш кулап, сегиз туристтин бири, 28 жаштагы аялды басып калган. Туристтер жиберген кабардан улам ушул эле күнү Каракол шаардык №15 өрт-куткаруу кызматынан куткаруучу тобу жана туристтер катталган "Альптур - Ысык-Көл" турфирмасынын 10 куткаруучусу аларды издеп чыгышкан. Бүгүн туристтер жана каза болгон аялдын сөөгү тик учак менен жеткирилди.
Сегиз турист саякатка 19-июлда чыгып кеткен болчу. (AzK)