Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Казак жараны "улут аралык араздашууну козутканы" үчүн соттолду


Казакстандын түштүгүндөгү Петропавл шаарынын бир тургуну "улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен соттолду. Жергиликтүү маалымат агенттиктери аны аталган шаардын соту үч жылга абакка кескенин жазып чыгышты.

Түштүк Казакстан облустук прокурорунун орун басары Арай Алимовдун айтышынча, 22 жаштагы Алханашвили деген жаранга кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча иш козголгон. Ал интернеттеги социалдык тармактарда "этникалык топтордун ар-намысы менен сезимин маскаралаган" деп айыпталууда. Иштин чоо-жайы боюнча мындан башка маалымат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG