Күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген партиялардын саны 20га жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын өкүлү Канатбек Азиз билдирди. БШКнын маалыматы боюнча, партиялардын арызын кабыл алуу 2-августта кечки саат алтыда аяктайт. Ошол күндөн баштап БШК партияларга үгүт салууга бөгөт коюлат.
Планга ылайык 25-августка чейин партиялык тизме аныкталып, 4-сентябрда өлкө боюнча үгүт кампаниясы башталат. 4-октябрда боло турган шайлоонун расмий жыйынтыгы эки жуманын ичинде коомчулукка жарыяланмакчы. (SDz)