Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Коштошуу иш-чарасына маданият министри Алтынбек Максүтов баштаган маданият кызматкерлери, маркумдун туугандары жана Эл артисттин күйөрмандары келишти.
Кыргыз Эл артисти өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө театрда жана кинодо ойногон ролдору жүздөп саналат. Сахнада жараткан ролдору: Ж.Б.Мольердин “Дворяндыкты эңсеген көпөсүндө” Журдендин, М. Горькийдин “Акыркыларында” Иван Коломейцевдин, К. Жантөшевдин “Курманбегинде” ж.б. ролдорду чегине жеткирип аткарган. Ал эми кинодогу ролдору: “Он үчүнчү небере” тасмасында Аскардын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” Мамбетти, “Сокур кемпир көрөгөчтө”, “Тойдо”, “Чиркин өмүрдө” “Белгисиз маршрутта”, “Чынгызхандын ак булутунда” жана башка ушул сыяктуу тасмаларда ар түркүн жанрдагы жаркын образдарды жараткан.
Мукамбет Токтобаев 30-июлда күтүлбөгөн кырсыктан 68 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү Ала-Арча мүрзөсүнө коюлат. (SDz)