Стратегиялык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр апта бою жүргөнүн “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоодо эки партия кызматташмай болду.
- Сүйлөшүүлөр бүттү, кызматташуу боюнча чечим кабыл алынды. Кийинки апта кызматташуу боюнча расмий документтерге кол коюлуп, билдирүүбүз жарыяланат.
“Күчтүү Кыргызстан” партиясын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жетектейт. Ал кызматтан кеткенден кийин шайлоого катышарын жарыялаган. (SDz)