Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Орусия Ан-140 учагын чыгаруусун токтотту


Учакка тиешелүү айрым тетиктер Украинадан келбей калганына байланыштуу Самаранын авиакурулуш заводу Ан-140 учагын чыгарууну токтотту. Украинадагы саясый кырдаал ушундай чечимге мажбур кылганын ТАСС агенттигине ишкананын башкы директору Алексей Гусев билдирди.

Самара заводуна 34 компания тетик ташыса, “Антонов” учагынын башкы конструктордук бюросу Украинада жайгашкан. Заводдун директору тетиктерди импорттоо мүмкүн болбой калганын айтып, акыркы учактар чогулуп жатканын билдирди.

Ушул жылы дагы бир “Авиакор” заводу Орусиянын Коргоо министрлигине керектүү Ан-140 учагына түзүлгөн келишимди аткара албай калган. Орус-украин авиациялык жана аскердик ишканалар союз учурунда бир аскердик комплекс болуп келгенин РБК агенттиги белгилейт.

Ан-140 учагы 1999-жылдан бери чыга баштаган. Жалпысынан Орусияда 33 учагы куралса, анын ичинен 4 самолет ар кандай кырсыкка кабылган. Бул учактар 3,5 миң чакырымга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташып, эскирген Ан-24 жана Ан-26 учактарынын ордун алмаштырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG