Боом капчыгайында бүгүн Үркүндүн курмандыктары эскерилип, митинг-реквием өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Чогулгандар окуяны эскерип, куран түшүрүп, соңунда он пункттан турган резолюция кабыл алышты. Анда Бишкектеги Үркүн курмандыктарына деп бөлүнгөн жер тилкесине эстеликтерди тургузуу, Үркүн учурунда ашууларда каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү, маданий иш- чараларды өткөрүү, атайын китептерди чыгаруу, Үркүндүн 100 жылдыгына Орусиядан жогорку кызматтагы адамдарды чакыруу өңдүү талаптар камтылды.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев быйыл 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын базасында жумушчу топ түзгөн.
1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган.
Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (ZA\SDz)