Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Кыйраган учак бин Ладендин үй-бүлөсүнө таандык болгон


Англиянын Гэмпширинде кырсыктаган жеке учак Усама бин Ладендин үй-бүлөсүнө таандык экени кабарланууда. Авиакырсыкта 4 адам каза болгон. Анын бири учкуч болсо, калгандарынын тек жайы коомчулукка айтылбай жатат.

Phenom 300 учагы Сауд Аравиясында катталып, “Блэкбуш” аэродромуна коноордо кырсыкка кабылган.

Маалым болгондой учак “Ал-Каида” террористтик уюмунун мурдагы лидеринин үй-бүлөсүнө таандык компанияныкы болгон. Окуя боюнча Британиядагы Сауд Аравиясынын элчилиги Усама бин Ладендин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты айтылбай, жөн гана ханзаада Мохаммед бин Наваф бин Абдул Азиздин көңүл айтканы маалымдалат.

Учак Британияга Миландан учуп келаткан. Аба майдандын администрациясы учак конуучу тилкеге жетпей кырсыктаганын билдирди. Конуучу тилкенин жанында автоунаалардын аукциону өтүп жаткан учурда учак машинелердин үстүнө кулап, бир нече унаа күйүп кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG