Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Украинанын чыгышындагы атышууда эки жоокер набыт болду


Украинанын куралдуу кагылыш жүрүп жаткан аймакта акыркы эки сутка ичинде украин армиясынын эки жоокери каза болсо, 14ү жаракат алды. Бул тууралуу Украина президентинин администрациясынын маалымат катчысы Андрей Лысенко билдирди. Мындан тышкары дагы 3 жай тургун жаракат алганын аскердик жана жергиликтүү бийлик маалымдоодо.

Лысенконун маалыматында Донецк жана Луганск облустарында 1-августка караган түнү жикчилдер Авдеевка, Опытное, Пески, Маринька, Красногоровка, Майорское, Луганское, Зайцево жана башка калктуу конуштарды аткылашкан.

Артиллериялык ок атуулар калк жыш жайгашкан Горловка шаарынан чыкканы Минск келишимин гана бузбастан, аскердик кылмыш катары дагы сыпатталды.

“Мындан улам 3-августта Минскте сүйлөшүү тобунун кезектегин жолугушуусу үзгүлтүккө учурашы толук мүмкүн болуп турат” – деди Лысенко.

Өз кезегинде өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган жикчилдер украин жоокерлерин Горловканы бутага алганын айыптап, 500дөн ашык артиллериялык ок атылганын, 5 адам жарадар болуп, үйлөр бузулганын айтып чыгышты. Учурда ЕККУнун байкоочулары Горловка шаарына барып, чыгымдын кесепетин көргөнү жатышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG