Бириккен улуттар уюму Мьянмадагы (мурдагы Бирма) суу ташкындан өлгөндөрдүн саны көбөйүшү күтүлөт деп эскертти.
Батыш аймактагы 150 миң киши жашаган төрт регион кооптуу аймак деп жарыяланган. Ал жактагы суу ташкындан бери дегенде 27 адам набыт болгон.
Куткаруучулар жапа чеккен көптөгөн аймактарга колу жетпей жатат.