Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Сузакта селден жабыркаган үйлөрдүн курулушу күзгө чейин аяктайт


Бүгүнкү күндɵ өкмɵт Кыржол айылында аянты токсон чарчы метр болгон сегиз үй курууда, алардын ар бир чарчы метри 350 долларга бааланды. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 11 миллион 800 миң сом бɵлүнгɵн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

1-августта өкмө башчы Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында бул үйлөрдүн курулушу менен таанышкан. Айылда жаңы кɵмɵкчордон орнотулуп, электр энергиясы менен камсыз болот. Курулуш иштери 20-августта жыйынтыкталыш керек.

Сузактын Кыржол айылында ушул жылдын 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ар кандай жаракат алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG