Өкмөт башчы Темир Сариев Талас районунун акими Райкан Өзүбековду 3-августта кызматтан аларын өткөн аптада Бозумчак кенин ачканы барган кезде айткан. Премьер акимге “ооруканадамын” деп шылтоолоп, өз иши менен алектенип жүргөнү үчүн ушундай чара колдонорун билдирген жана жумуштан бошотулуп, жоопкерчиликке да тартыларын эскерткен. Район башчысы азырынча буга комментарий бере элек.
Райкан Өзүбеков “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. Соңку кездери аталган партиянын жергиликтүү бийликтердеги өкүлдөрү кызматтан алына баштаган. “Атамекенчилер” муну шайлоо алдында оппозициялык лагерге айланып бараткан партия менен бийлик ортосундагы тиреш катары сыпаттоодо. Ал эми өкмөт өкүлдөрү кызматтан алууларга шайлоонун тиешеси жок экенин белгилеп келет.(SE)