Бишкектеги Ислам университетинин окутуучусу, араб тили боюнча сабак берген Мухаммед Иса бүгүн үй бүлөсү менен Ала-Арча тоосуна эс алганы чыкканда кырсыкка кабылып каза тапты. Аны менен кошо 40 күндүк ымыркайы да чарчап калганын баш калаадагы №4 ооруканадан “Азаттыкка” билдиришти. Учурда анын үй бүлөсүндөгү беш киши ооруканада жатат.
Диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун айтымында, маркум жолдогу көпүрөдөн өтүп баратып автоунаасын башкара албай калган.
Ал үч-төрт жылдан бери Бишкектеги Ислам университетинде иштеп жаткан болчу. (SE)