Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Австралиянын спикери бюджет чыгымы боюнча жаңжалдан кийин кызматынан кетти


Австралиянын төмөнкү палатасынын төрагасы Бронвин Бишоп мыйзам чыгаруучулардын транспорттук каражаты үчүн берилген акчаны максатсыз коротуу жаңжалына байланыштуу кызматынан кетти. Премьер-министр Тони Эбботтун өнөктөшү саналган Бишоп саясий өнөктүктүн демөөрчүлөрү менен жолугушуу үчүн бюджеттен беш миң Австралия долларына тик учак заказ кылган. Ошондой эле ал өз кесиптештеринин үйлөнүү-үлпөтүнө баруу үчүн да бюджеттен каражат короткон.

Би-Би-Синин маалымдашынча, Бишоп бул үчүн кечирим сурады жана тик учак үчүн жумшаган акчанын ордун толтурарын айтты.

Премьер-министр Тонни Эббот Бишоптун кызматынан кеткени туура чечим болду деп билдирди. Анын айтымында, парламенттин бюджеттик чыгымдарын көзөмөлдөө шарттары кайра каралат.

Буга чейин Эббот да жеке чыгымдары үчүн сарптаган мамлекеттик бюджеттин акчасын кайра кайтарып берүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG