Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42

Нетьянаху: Израил жек көрүүчүлүктөн чыккан кылмыштарга жол бербейт


Гей-параддагы кол салуудан жаракат алган анын катышуучусуна жардам көрсөтүлүүдө. 30-июль
Гей-параддагы кол салуудан жаракат алган анын катышуучусуна жардам көрсөтүлүүдө. 30-июль

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху Израил бийликтери улуттук жана диний жек көрүүчүлүккө байланышкан кылмыштардын болуусуна жол бербейт деп билдирди.

Жекшемби күнү өкмөттүн жыйынында Нетаняху жек көрүүчүлүктүн, фанатизмдин жана терроризмдин пайда болуусуна каршы чечкиндүү күрөшүүгө даяр экенин айтты.

30-июлда иудей-фанатик Иерусалимдеги гей-параддын алты катышуучусун жарадар кылган. Ал эми 31-июлда Иордан дарыясынын батыш жээгинде белгисиз адамдар, алдын ала божомолдор боюнча еврей экстремисттери, бир үйдү өрттөп жиберген. Андан палестиналык бир жарым жаштагы бала өлгөн, анын агасы жана ата-энесинин денеси оор даражада күйгөн.

Буга байланыштуу ишемби күнү кечинде Иерусалимде, Тел-Авивде жана Израилдин башка шаарларында миңдеген адамдар жек көрүүчүлүктүн айынан чыккан кылмыштардын болуусуна каршылык билдирип, демонстрацияга чыгышты. Демонстранттардын алдына чыгып сүйлөгөн өлкө президенти Реувен Ривлин “еврей радикализми” израил коомун "талкалай турган" нерсе экенин айтты.

XS
SM
MD
LG