Крым татарларынын бүткүл дүйнөлүк конгресси өткөн жылы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын Украинага кайтаруу боюнча бардык чараларды көрүүгө чакырды. Жекшемби күнү Анкарада Крым татарлардын экинчи форуму жыйынтыкталды. Анын соңунда кабыл алынган декларацияда катышуучулар Украинанын жаңы Конституциясы аннексия чырын токтотуп, Крым автономиясын кепилдеши зарылдыгын белгилешти.
Форумга бир катар өлкөлөрдөн 200дөй топ катышты. Алар Орусиянын басымынан улам коопсуздукка байланыштуу иш-чараны башка өлкөдө өткөрүүгө аргасыз болгонун билдиришкен. (SE)