Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Талас районунун акими кызматтан алынды


Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче, Талас районунун акими Райкан Өзүбеков жазган арызынын негизинде эмес, өкмөттүн буйругу менен кызматтан алынды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн Темир Сариев кол койду.

Буга чейин Талас районунун акими Райкан Өзүбеков 3-августтан тарта өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу өкмөт башчыга арыз жазганын билдирген. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, арыз келбегенин билдирет.

Райкан Өзүбеков “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. “Атамекенчилер” соңку кездери аталган партиянын жергиликтүү бийликтердеги өкүлдөрү кызматтан алына баштаганын айтып, муну шайлоо алдында оппозициялык лагерге айланып бараткан партия менен бийлик ортосундагы тиреш катары сыпаттаган. Өкмөт өкүлдөрү кызматтан алууларга шайлоонун тиешеси жок экенин белгилеп келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG