Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Ошто ажыга аттангандар эмдөөдөн өтүп жатат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык казыяттан кабарлашты. Алардын билдиришинче, бүгүндөн тарта Ош шаарынан ажыга аттанган 207 адам менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшөт. Эмдөө акысы ажы сапары үчүн төлөнгөн 2550 доллардын эсебинен алынат.

Ош шаарынан жана Ош облусунан быйылкы ажы сапарына катталган 1142 адам 23-августтан тарта ажыга сапар алышат. (YI)

XS
SM
MD
LG