Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кабардин-Балкарда 6 согушкер тындым болду


Кабардин-Балкардагы атайын кызматтын аскерлери. 18-октябрь, 2013.
Кабардин-Балкардагы атайын кызматтын аскерлери. 18-октябрь, 2013.

Орус бийликтери Түндүк Кавказдагы Кабардин-Балкар республикасында алты согушкер жок кылынганын билдирди. Улуттук антитеррордук комитеттен 3-августта кабарлашканга караганда, республиканын баш калаасы Нальчиктеги көп кабат үйлөрдүн бирине бекинген согушкерлерге каршы операция ушул түндө болгон.

Мындан эки апта мурда да Нальчиктеги антитеррордук операцияда согушкер деп шектелген алты адам каза тапкан.

Орусиянын мусулмандар басымдуулук кылган Түштүк Кавказ аймагында Совет доору урагандан кийин Чеченстанда болгон уруштан бери согушкерлер коопсуздук күчтөрүнө анда-санда "тиш кагып" калат.

XS
SM
MD
LG