Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Өзбекстан чек ара сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашынын себебин атады


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында 1-августта жарыяланган маалыматка караганда, өлкө чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр эксперттик жолугушуу форматында гана болору тууралуу сунушту Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине 5-июнда жөнөткөн. Өзбек тарап 24-июнда кыргыз делегациясынын курамы тууралуу маалыматты алып, анын статусу эксперттик деңгээлге дал келбейт деген негизде 26-июлда Кыргызстанга өз турумун эске алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок Кыргызстандын соңку жообуна канааттанбаган Өзбекстан 28-июлда расмий нота менен жолугушуулар болбой турганын билдирген. Муну менен алар жолугушуу болбой калгандыгы жөнүндө өз учурунда маалымат берилгенин ырастоодо.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын сайтындагы маалымат менен таанышып, мындан кийин көрүлчү чараларды аныктап жатканын “Азаттыкка” ведомствонун басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарап жолугушуунун форматы боюнча өзгөртүүнү Кыргызстандын курамы бекигенден кийин киргизгенин билдирүүдө.

29-июлда боло турган жолугушууда эки өлкөнүн чек ара бекеттериндеги өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөк. Бирок ал үзгүлтүккө учураган. (AzK)

XS
SM
MD
LG