Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Балык чарба департаментинин кызматкерлерине иш козголду


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинде кызмат адамдары 2-курста окуган студентти инспектор катары мыйзамсыз жумушка алып, ага 102 миң сом көлөмүндө мыйзамсыз айлык акы чегеришкен. Мындан тышкары департаменттин кассасында 700 миң сом акча жетпей калган.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG