Кошуна өлкөнүн Актөбө облустук соту бүгүн "терроризмди үгүттөгөнү" үчүн айыпталган сегиз адамды үчтөн алты жылга чейин эркинен ажыратты. Облустук соттун маалымат кызматынын кабарына караганда, соттолгондордун төртөө Актөбө облусунун, калгандары Батыш Казакстан, Атырау жана Түштүк Казакстан облустарынын тургундары. Кичүүсү 21, улуусу 38 жашта. Алар былтыр уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси аркылуу диний чат ачып, "Оку, көр, ук, аракет жаса" деген баш теманын алдында радикалдык-экстремисттик аудио-видеороликтерди, тексттик файлдарды алмашып турушканы айтылууда.
Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өткөн аптада Зыряновск шаарында эл аралык террордук уюмга иштөө үчүн адам чогултуп жүргөнү шектелген бир аялды кармаган. Казак бийликтери Сирия менен Ирактагы исламчыл согушкерлердин катарына жүздөгөн казак жарандары кошулуп кеткенине тынчсыздануу билдирип келет.