Кытайдын Личжоу шаарында 5 300 бөтөлкө спиртке эркектердин “саламаттыгын жакшыртуучу каражат” катары "Виагра" дарысын аралаштырып саткан шылуундар кармалды.
Эркектердин кубатын арттырчу "Силденафил" аттуу дарыны Гуанци провинциясында таза спиртке кошуп сатып жатышкан жеринен башка бир шылуундар камакка алынды. Жасалма дарылардан шылуундар 700 миң юань, 113 миң доллар киреше табышкан.
Дарыгерлер "Виагра" дарысын чоң кишилерге бир күндө бирден гана таблетка ичүүнү сунуштайт.(BCh)