Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Ош-Бишкек канжолунун боюндагы айылдар кабатыр


Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Кара-Суу районунун Учкун айылынын тургандары район акиминен канжолго жол чырактарды орнотууну талап кылышууда. Алардын мындай талап менен чыгышына Учкун айылынын 35 жаштагы тургунун унаа койдуруп кетип каза тапканы себеп болгон.

Айыл тургундары жол чырак орнотуу талаптары аткарылбаса канжолду тосо тургандыктарын эскертишүүдө.

Айыл тургундарынын ырасташынча, Ош-Бишкек унаа жолу салынгандан бери бир айылдан 27 адамды унаа койдуруп кетип каза болушкан. Жергиликтүү бийлик учкундуктардын талабы 2 ай аралыгында чечилерин убада кылышууда. (YI)

XS
SM
MD
LG