Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Рысалиевдин ишин Бишкек милициясы иликтейт


Мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин үстүнөн “Ата Мекен” партиясы жазган арызды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтейт. Ленин райондук милициясы арызды карап, 3-августта шаарга өткөрүп бергенин аталган партиядан “Азаттыкка” кабарлашты. Калаанын Ички иштер башкармалыгы бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Зарылбек Рысалиев өткөн жумада Чүй облустук сотунда чыккан өрткө “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин тиешеси бар экенин айткан. Партия муну куру жалаа деп, Рысалиевдин үстүнөн милицияга кайрылган.

30-июлдун түнүндө Чүй облустук сотунун судьясынын иш бөлмөсүнө беткапчан белгисиз адамдар кирип, 8 томдук жазык ишинин 6 томун уурдап, артынан өрттөп кеткен. Анын ичинде 2010-жылдагы апрель окуясындагы мародерлук боюнча иш дагы болгондугу аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG