Вашингтон жана Араб өлкөлөрү Перс булуңундагы кырдаалды туруксуздандыруучу аракеттерге биргелешип күрөшүүгө даярдык көрөт. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 3-августта Дохада араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан соң билдирди.
Керринин сөзүнө караганда, жолугушууга катышкандар Ирандын ядролук программасы боюнча өткөн айда Венада жетишилген келишим Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукту чыңдоого таасир этерине ынанган. Жон Керри ошондой эле Перс булуңундагы кызматташуу кеңеши аймактык коопсуздукту камсыздоого толук салым кошууга макулдашканын белгиледи. Ошондой эле макулдашуу коопсуздук күчтөрүнүн өз ара кызматташуусун жана аскерий машыгууларды өткөрүп турууну да камтыганы айтылды.
Г