Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13

ӨКМ: 2015-жылы күчтүү жер титирөөлөр болушу ыктымал


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун болжолуна ылайык, 2015-жылы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жер титирөөлөр болушу ыктымал. Өзгөчө кооптуу аймактар катары Баткен, Ош облустарынын Кытай жана Тажикстан менен чектешкен жерлери эсептелет. Бул жерлерде зилзаланын кубаты 7-9 баллга жетиши ыктымал.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ырасташынча, Түндүк-Тянь-Шань (Ысык-Көл облусу) жана Түштүк Фергана чөлкөмү (Ош, Баткен облустары) да кооптуу аймактарга киришет.

Быйыл август айында аба ырайы өзгөрүлүп, катуу шамал жүрүп, тоолордо, тоо этектеринде нөшөрлөгөн жамгыр жүрүшү, анын натыйжасында сел, жер көчкү болушу ыктымал. (МТо)

XS
SM
MD
LG