Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Жалал-Абадда бюджет долбоору боюнча коомдук угуу өтүүдө


Облустук акимчиликтеги экономикалык жыйынды Каржы министрлиги уюштуруп, ага облуска караштуу бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

Жыйында Кыргызстандын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу талкууга алынууда.

Долбоорго ылайык, бюджет кирешеси 2016-жылы 138,4 млрд сомдон 2018-жылга 161 млрд сомго көбөйөрү пландалууда.

Сунушталып жаткан бюджет долбоорунда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү да эске алынган. Талкууда айтылган сунуштар сентябрда Бишкекте өтүүчү жыйында каралып, жалпы жыйынтык кабыл алынат. Бюджетке арналган коомдук угуулар бардык облустарда өткөрүлөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG