Секелек эже-сиңдиге сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген Панфилов районунун тургуну эки айга камалды.
Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, 34 жаштагы Н.К. аттуу жаран 5 жана 9 жаштардагы секелек кыздарды 24-июль күнү көчөдө ойноп жүргөн жеринен алдап ээрчитип барып, ээн талаада күч колдонуп зордуктаган деген шек менен кармалган.Тергөө учурунда шектүү мас абалында үч саат бою бир туугандарды бир нече жолу зордуктаганы аныкталган.
Ал арада жергиликтүү жашоочулар шектүүнүн үйүн өрттөп, жок кылышарын айтышып, урук-туугандарын айылдан биротоло көчүп кетүүсүн талап кылышууда. (AiJ)