Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү жана Сузак районундагы жер тилкелерин басып алгандар ээлеген мүлктөрүн менчиктештирүүнү талап кылууда.
Мындай талапты Жалал-Абаддагы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 4-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу корунун төрага орунбасары Азамат Абдубеков менен жолугушуу учурунда билдиришти.
"Жаны курулушчулар" коомунун төрайымы Базаргүл Искенажиева билдиргендей, 2006-жылы шаардын Көк-Арт кичи районундагы 52 батирлүү көп кабаттуу бүтө элек үйдү жана "Домостроитель 186- кварталындагы" 45 гектар жерди жергиликтүү тургундар басып алышкан.
"10 жылга жакын убакыт өтсө да мындагы жашоочулар мыйзамдуу документи жок, эч жерде каттоого турбастан жашап келүүдө. К.Батыровдун мүлкү мамлекеттин карамагына өтүптүр, жашоочуларга эми мыйзамдаштырганы уруксат бергиле", - дейт Б. Искенажиева.
А.Абдубеков 52 батирлүү үй боюнча шаардык мэриянын токтому керектигин, андан соң гана объектти мэриянын балансына өткөрүп, менчиктештирсе болорун билдирди. Ал эми басып алынган жерлер боюнча азыр тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын мүлкү сот аркылуу мамлекетке өткөрүлүп, 2014-жылы өкмөт токтомуна ылайык улутташтырылган. (RsK)