Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

“Соуделор” тайфуну Жапония менен Кытайды көздөй багыт алды


Тынч океандан ылдамдыгы саатына 240-250 чакырымды түзгөн кубаттуу шамал бүгүн Жапония, Тайвань, Кытайды көздөй багыт алганын тайфундарды эскертүү боюнча биргелешкен борбор кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы тайфун мындан беш айча мурда Тынч океандагы Вануату аралына кыйроо салып, кеминде 15 адамды мерт кылгандан да кубаттуу.

Азыркы супер тайфун бүгүн Жапония, Кытай, Тайванды көздөй багыт алганга чейин Тынч океандын батыш ыптасындагы Түндүк Марианас аралдарына айрым талкаланууларды алып келди. Жергиликтүү бийликтер аймакта өзгөчө абал режимин жарыялашты.

"Соуделор тайфуну” адегенде Жапониянын аралдарына, андан соң Тайванга, акырында барып Кытайдын чыгыш жээктерине жетет деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG