Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

“Бир бол” партиясы шайлоого өнөктөш тапты


“Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы” менен “Бир бол” партиялары парламенттик шайлоого чогуу аттанмай болушту. Мындай кабарды “Бир бол” партиясынын маалымат кызматы таратты.

“Буга партиялардын идеологиясынын бирдейлиги, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча бирдей көз карашта болуусу шарт түздү. Бул чечим эки партия ортосундагы толук ишенимге негизделген. Эки партия тең саясий жоопкерчиликти алып, мамлекеттин биримдигине жана туруктуулугуна багытталган принциптерди карманууга ниеттенет”, деп жазылат билдирүүдө.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 34 партия катышуу ниетин билдириишкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG