Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чегинде абал курчуп, ок атылып эки тараптан тең жабыркагандар бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар билдиришти. Бул маалыматты Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да тастыктады.
Кабарчыбыз жергиликтүү тургундар менен байланышканда, алар октун үндөрү угулуп жатканын айтышты.
“Жабыркагандар ооруканага жөнөтүлө элек, азырынча саны канча экени белгисиз. Чек арага жакынкы кыргыз айылдарынан балдар менен аялдар чыгып кетип жатат”, деди жергиликтүү тургундардын бири.
Ал эми Чорку айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдухалил Шарифов “Азаттыктын” тажик кызматына жаатташкан эки тараптан тең таш ыргытылып, ондон ашуун киши жабыркаганын белгилейт.
"Кырдаалды Согди облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип жөнгө салышты. Кыргызстандын күч кызматкерлери кечки саат 10го чукул келишти. Эки өлкөнүн күч органдары жолугушканда чек арада жаңжалды күчөтпөй, алдын алуу үчүн коомдук тартипти бирге көзөмөлдөө макулдашылды".
Шарифов тирешүүдө жети тажик жараны жабыркаганын, алардын арасында башы жарылып, тиши түшкөндөр бар экенин айтты. (JsA)