Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чегинде кырдаал оор


Чек ара кызматынын 4-августта саат 14.25 карата тараткан маалыматына караганда, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылынын Май аймагында кырдаал оор.

Жергиликтүү тургундардын ырасташынча, 4-августта түшкү саат бирлер чамасында Май аймагына кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, бири бирине таш ыргыта башташкан. Натыйжада үч кыргызстандык жаракат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, тажик тараптан жаракат алгандар тууралуу кабар жок.

Чек ара кызматы ок Тажикстан аймагынан атылганын маалымдады. Кыргыз тараптан октон жабыркагандар жок. Кыргызстандын Чек ара кызматы курал колдонбогонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын Согди облусунун Чорку айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдухалил Шарифов 3-августтагы тирешүүдө жети тажик жараны жабыркаганын, алардын арасында башы жарылып, тиши күбүлгөндөр бардыгын “Азаттыктын” тажик кызматына айтты.

Учурда жаңжал чыккан аймакта эки тараптан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аксакалдар сүйлөшүү жүргүзүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG