Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Кыргыз-тажик чек ара жетекчилери сүйлөштү


Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев Тажикстандын атайын кызматынын чек ара кошуунунун колбашчысы Ражабали Рахмонали менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө чек арадагы абалды жөнгө салуу зарылдыгы айтылып, жагдай өзгөрө турган болсо биргелешип иш жүргүзүү макулдашылды.

Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүнү облус жетекчилеринин деңгээлине чейин улантуу чечилди.

Рахмонали окуя болгон аймакка орунбасарын жөнөтөрүн маалымдады. Кыргыз тараптан күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Баткенге Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев жөнөп кетти.

Учурда облустун Баткен районундагы чек арадагы Май айылында кырдаал кылоосунан жанбай турат. Ага эки өлкөнүн чек арачылары көз салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG