Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Оштук укук коргоочулар прокуратураны сынга алышты


Оштогу укук коргоочу уюмдар жабык жайлардагы кыйноолор боюнча арыздарды жергиликтүү прокуратура убагында иликтебей жатканын сынга алышты.

Адам укуктары боюнча «Эдвокаси» борбору прокуратура кыйноо фактыларын иликтөөдөн негизсиз баш тартууда десе, «Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюуму прокуратура негизсиз шылтоолор менен ишти иликтөөдөн баш тартып жатканын айтат. Дагы бир укук коргоочу «Луч Соломона» уюму кыйноолор боюнча арыздарды прокуратура кечиктирип карап жатканын белгилейт.

Ош облустук прокуратурасынын башчысы Айбек Турганбаев бейөкмөт уюмдары менен өнөктөштүк меморандумунун негизинде кызматташып келе жатышканын, бирок бир да нааразычылык болбогонун «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда, Кадамжай жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн 16 кызматкерине кыйноо беренеси боюнча иш козголгон. (YI)

XS
SM
MD
LG