Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:24

Чек ара жаңжалы тушунда айрым жетекчилер эс алууда


Ушу тапта коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев эс алууда жүргөнүн, Бишкекте эмес экендигин “Азаттыкка” маалымдады. Өкмөттүн чек араларды аныктоо, тактоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров да эс алууда.

Буга чейин өкмөт башчы Темир Сариев кыска мөөнөт эс алууга чыкканы маалымдалган.

Эс алуудагы жетекчилердин баары кырдаалга көз салып турушкандарын айтышууда.

Баткендеги жаңжалды жеринен териштирүүгө өкмөт аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рыскулбек Жапаркулов жетектеген жумушчу топ жөнөтүлдү.

Чек ара кызматынын жетекчилиги аймакта тажикстандык кесиптештери менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүдө.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, эки күндөн бери жаңжалдашууда. Ага тажикстандык жарандардын Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз тараптын тажик айылына кеткен сууну бууп салышы себеп болгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG