Эл аралык миграция уюмунун 4-августтагы билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч Жер ортолук деңизинде өмүрү кыйылган мигранттар саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20% көбөйдү дегенди билдирет.
Аталган уюмдун басма сөз өкүлү Итаи Вирри Женевадан кабарчыларга маалымдагандай, Жер ортолук деңизиндеги кемелерден быйыл 188 миңдей адам куткарылды.
Алардын 97 000 Италияга, 90 500 Грекияга келишкен. Жер ортолук деңизинде кемелерде келе жатып чөгүп кеткендердин көбү Ливиядан Италиянын Сицилия аралына багыт алгандар. (UE)