Бишкектин “Эмгек” футзал клубу ушул күндөрү Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда мелдештерин жыйынтыктады. Азиянын футбол конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 4-август күнү кечинде “Эмгек” клубунун оюнчулары чейрек финалда Кувейттин “Кадсия” клубуна каршы беттеште 4:1 эсебинде утулуп калышты.
Эми “Кадсия” клубу жарым финалда Вьетнамдын “Тай Сон Нам” командасы менен финалга чыгуу үчүн таймашат.
“Эмгек” футзал клубу Азия чемпиондугунда “В” тайпасында ойноп, тайпалык мелдеште Ташкенттин “Локомотив” клубун 8:3 эсебинде утуп, учурдагы чемпиондук наамдын ээси Жапониянын “Нагоя Оушенс” клубу менен 2:2 эсебинде тең чыккан. Бул тең чыгуу бишкектиктерге киргизилген голдордун айырмасында тайпада биринчи орун менен чейрек финалга чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
“Эмгек” футзал клубу футбол боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалдык беттештерине чейин жеткен кыргызстандык алгачкы клуб болуп калды. Буга чейин “Дордой” жана “Налоговик” клубу тандоо оюндарында атаандаштарына жеңилишсе, “АУБ-Алтын Таш” командасы финалдык бөлүктө тайпалык тандоодон чыга алган эмес. (ECh)