Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстан издөө салган Хоменюк Болгарияда отуз күнгө кармалды


Кумтөрдү иштетип жаткан Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору жана директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Леонардо Хоменюк экстрадиция маселеси териштирилмейинче Софиянын түрмөсүндө 30 күндүк мөөнөт менен кармалып турганын бүгүн “Азаттыкка” Болгариянын Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Кыргызстан Интерпол аркылуу издөө жарыялаган Хоменюк Софияда 27-июлда кармалган. Болгария Башкы прокуратурасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, аны кармоо чечимин Софиянын Видин райондук соту чыгарды. Канаданын кылмышка шектүү жараны алдыда София сотуна бул чечимди апелляцияга бере алат.

Хоменюкту Кылмыш кодекстин 303-беренеси (коррупция) боюнча күнөөлөгөн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экстрадиция боюнча кошумча документтерди Болгарияга жөнөткөн-жөнөтпөгөнү азырынча белгисиз.

Бул аралыкта “Centerrа Gold” компаниясы мурдагы башкы директорунун Болгарияда кармалышы боюнча билдирүү таратып, Хоменюк Кумтөр долбоорунун 2003-2004-жылдардагы реструктуризациясына байланыштуу айыпталып жатканын, бирок компания кыргыз бийликтеринен алар койгон дооматтарга негиз боло турган далилдерди азыркыга чейин ала албаганын айтып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG