Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Кыргыз-тажик чегинде кырдаал тынч


Эки күндөн бери курч турган кыргыз-тажик чек арасында учурда абал тынч. Кечке жуук топтолгондор тарап кеткенин жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, эки күндөн бери жер жана суу маселесине байланыштуу жаңжалдашып жаткан эле. Тараптар бири бирине таш атып, кишилер жабыркаган. Көк-Таш айылындагы айрым үйлөрдүн терезе, шыйпырлары сынган. Аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн эки өлкөнүн күч кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү жолугушуп, абалды талкуулашкан соң кишилер тарап кетти. Бирок талаш маселе чечилген жок. Эки тараптуу жолугушуулар 6-августта да уланат.

Бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. Жаңжалга ушул окуя себеп болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG