Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Интернетке Кыргызстанда халифат орнотууга чакырган сүрөттөр чыкты


Фейсбукка Гураба Муслимов аттуу киши жарыялаган сүрөттөр.
Фейсбукка Гураба Муслимов аттуу киши жарыялаган сүрөттөр.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун кара байрагын колуна кармаган адамдын Ак үйдүн, Ала-Тоо аянтындагы желектин жана Кыргызстан Ислам университетинин алдында тартылган сүрөттөрү “Фейсбук” социалдык тармагына 4-август күнү кечинде жарыяланды. Астында “Халифат жоочулары, силерди Кыргызстанда күтөбүз” деген жазуу бар. Сүрөткө түшкөн кишинин жүзү көрүнбөйт. Аны Гураба Муслимов аттуу пайдалануучу өзүнүн баракчасына жарыялады.

УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 25-июлда кыргызча сүйлөгөн кишинин жихадга чакырган видеокайрылуусу да интернетке чыккан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG