Кыргызстанда Air Kg деп аталган жаңы авиакомпания иштей баштады. Ал быйыл март айында катталганын ишкананын расмий сайты кабарлады. Азырынча каттамдарды ишке ашыра элек. Учурда Boeing 737-800 жана Bombardier Dash 8 Q400 учактарына учкуч жана стюардессаларды тандап жатат. Өлкө ичинде учабы же эл аралык каттамдарды аткарабы, белгисиз.
Расмий кабарларга караганда, Кыргызстанда 22 авиакомпания каттоодон өтүп, анын сегизи ишин токтоткон. (SE)