Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:09

Алмамбет Анапияевдин агасы пара менен кармалды


Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Г.А. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул кабарды “Азаттыкка” Ош шаардык ИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Г.А. Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылган.

Учурда ал Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка кармалды.

Өздүк булактардан маалым болгондой, Г.А. мурдагы кылмыш төбөлү, маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев. (МТо)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG