Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

Түркмөн президенти Кыргызстанга келди

5-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Расмий жолугушуудан кийин мамлекет башчылары “Ала-Арча” резиденциясына багыт алышты.

Расмий иш сапар учурунда президенттер тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүшөт. Жыйынтыгында бир катар эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтерине кол коюлары күтүлүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG