Башкы прокуратура Болгарияда кармалган Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонардо Хоменюкту өткөрүп берүүнү өтүнгөн документти Болгарияга жөнөткөн. Учурда алар карап жатышат.
Бул тууралу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаев билдирди.
Хоменюк 27-июлда Интерпол тарабынан Софияда кармалган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча күнөөлөп, издөөгө алган. (МТо)