Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Мамкаттоо мекемесинин кызматкерлери автокырсыкка кабылды


Бишкектен Ошко бараткан Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамкаттоо кызматкерлери бара жаткан кичи автобус кечээ, 4-августта 18:00 чамасында Ош-Бишкек трассасынын 232-чакырымындагы Чычкан капчыгайында кырсыктаган. Айдоочу унааны башкара албай жол четине чыгып кеткени кабарланууда.

Унаа ичиндеги 18 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, орто жараат алган төрт адам Токтогул райондук ооруканасында дарыланууда. Мекеме кызматкерлери биометрикалык маалымат чогултуу үчүн Ош облусуна баратышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG