Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Жарандык активист биометрикалык маалыматын өчүрүүнү талап кылды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында акция өткөрүп, мурда тапшырган биометрикалык маалыматын базадан өчүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады.

“Жарандар биометрикалык маалымат тапшырбаса, шайлоого катыша албайт деп жатышат. Ал эми ар бир шайлоочу Кыргызстандын жараны болгондон кийин эч бир тоскоолдуксуз шайлоого катышууга укуктуу. Биометрика тапшырбагандар бул эркиндигинен ажырап жатат. Бул адам укугун сыйлабай, демократияга шек келтирүү”, - деди Токтонасыров.

Ошондой эле арызын Мамкаттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Дастан Догоев кабыл алганын, мыйзам чегинде арызга эки жума ичинде жооп кайтарыларын айтканын кошумчалады. (МТо)

XS
SM
MD
LG