Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Баласын сатууга шектелген кишиге издөө салынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтогул райондук ИИБинин жетекчи орун басары Абдукадыр Жолдошов билдирди.

Мурдараак Токтогул районунун тургуну Анара Назаркулова Орусияга иштегени кеткенде бир жаштагы баласын мурдагы күйөөсүнө калтырган, ал болсо баланы 50 миң сомго сатып ийгени кабарланган.

Назаркулова факты боюнча бир жылдан бери күч органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартып келишкенин Акыйкатчы институтуна билдирген.

Учурда бала сатты деген шек менен Д.Мажиновго, сатып алган делген Ч.Малдыбаевага Токтогул райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда издөө салынды. (МТо)

XS
SM
MD
LG