Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Хорватия өлкө эгемендигинин 20 жылдыгын белгиледи


Хорватиядагы аскердик парад
Хорватиядагы аскердик парад

4-августта Хорватиянын борбору Загребде өлкө эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу аскердик парад өттү. Жыйырма жыл мурда Хорватия Югославиядан бөлүнүп чыккан. Загребдеги бул салтанат жеңиш күнү катары майрамдалды.

Ал эми кошуна Сербияда 4-август аза күтүү күнү катары белгиленет. 1995-жылы Хорватиянын чыгышындагы “Шторм” операциясында серб кошуундары талкаланып, 700 миңдей этникалык серб жан таслим болгон, 200 миңдей адам үй-жайын таштап качкан. Алардын көбү ошол бойдон кырчылдашкан кагылыш очогу болгон Книн шаарындагы үйлөрүнө кайтып келген эмес. Ошол күндөрдөгү окуяларга эки башка баа берүү азыркы Сербия менен Хорватиянын мамилесине көлөкө түшүрүп келет.

XS
SM
MD
LG